Сокулукта жаш балдардын өрт менен ойноосунан улам 1500 түк чөп күйүп кетти (фото)









Сокулук районунун Комсомол айылында 1500 түк чөп күйүп кетти.
Жергиликтүү жашоочулар чөп күйүп баштаганда өрт өчүрүү кызматын чакырышкан. Өрт өчүрүүчүлөр өз убагында келгени менен, күйгөн чөптү өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Кырсыктан жабыркагандар жок.
"Жаш балдардын от менен ойноосунан улам өрт чыгып кетти. Шамал болуп жаткандыктан жакын жердеги электр мамычасы да күйүп баштады. Дароо электр тармактар ишканасына байланышып электр энергиясы берүүнү токтоттук. Эми үйлөрдүн чатырына өтүп кетпесин деп, өрт өчүрүүчүлөр көзөмөлдөп жатышат", - деп билдирди үй ээси.
Тилсиз жоону өчүрүүдө суу түтүктөрүнүн эскилигинен улам ыңгайсыздык жаралып жатты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.