super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: 4 жыл мурун Баткен облусунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жаңжалы чыккан

 

2013-жылы 27-апрелде Баткен облусунун Ак-Сай айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда жаңжал чыккан.

Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары жолчуларга кол көтөрүүдөн улам чыр башталган. Алар "жол тактала элек аймакка курулуп жатат" деп чыгышкан. Ал эми кыргыздар унаа жолу чек арадан 500 метр Кыргыз жергесинин аймагында курулуп жатканын билдиришкен. Окуяда мушташ орун алып, эки тараптан тең жабыркагандар болгон. 8 жергиликтүү тургун жабыркап, алардын үчөө оор жаракат алган. Ошондой эле айрым жергиликтүү тургундардын унаасы, үй-мүлкү талкаланган.

Жаңжал чыккандан соң 2 күн бою Баткендин Көк-Таш, Орто-Боз жана Ак-Сай айылдары аркылуу Ворух анклавына жана Лейлек районуна өткөн жол жергиликтүү жашоочулар тарабынан жабылып турган. "Маселе чечилмейинче кетпейбиз" деп турушкан жашоочулар. Маселени чечүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, облустун жетекчиси Жеңиш Разаков башында турган топ Тажикстандын Согдий облусунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, бир пикирге келишкен. Кийин тосулган жолдор толугу менен ачылып, жол кыймылы калыбына келген.

27-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жол азыр да токтоп турат чондор унутуп калды Разаков выполни то што обищал?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: