"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөн-Заргер жолун суу жеп кеткендиктен, айланма жол салынган



19-апрелде Өзгөн району менен 7 айылды байланыштырган жолду Заргер суусу жеп кеткенин окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирген. Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бегайым Канат кызы бүгүн, 27-апрелде аталган жолду айланып өтүүчү башка жол салынганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул суу Өзгөн-Заргер жолунун 9-чакырымын жеп кеткен. Суу жээктен көтөрүлүп жолду каптап кеткен, учурда жолчулар тарабынан жолдун оң жагына айланма жол ачылып, транспорттун каттоосу камсыздалган. Азыркы учурда жер кыртышын калыпка келтирүү үчүн темир бетон тосмолору даярдалууда. Суу агымы тартылган учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт", - деди басма сөз катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
adi_ko.kg

27.04.2017. 17:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.