Канат Исаев: “Кээ бир жумушчулардын айлыгы 5 миң сомдон башталат. Мындай акчага жашаш мүмкүн эмес”
“Кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 5 миң сомдон башталат. Мындай акчага жашаш мүмкүн эмес”, - деп бүгүн, 27-апрелде парламентте "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев билдирди.
Ал айыл чарба тармагында иштегендердин, статистика комитетинин кызматкерлеринин, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы аз экенин айтты.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай көйгөй бардык тармактарда бар экенин белгиледи. Алардын айлыгын жогорулатуу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады. Ошондой эле айлык маселесинде мамлекеттик кызматта теңсиздик бар экенине токтолду. Өкмөт башчы айлыкты көбөйтүү эмес, теңдөө карала турганын билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште өкмөт 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

Таксиде иштесең
?жаман чычалапсынго
Кайсыл жерде 30-40мин алып иштеп жататкен айтчы,менда барып кирейин ошол жумушка.
Анан айтам кошуп ташып,апыртып коюпмун деп.
30-40мин депутаттар албасале,билбейм башкасын.