super.kg logo

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаарынын күнүнө карата көргөзмө ачылды

 

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Көргөзмөнүн ачылышына президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, мэр Албек Ибраимов жана вице-мэр Айгүл Рыскулова катышканы маалым болду. Ага белгилүү жана заманбап фотографтардын эмгектери коюлган. Сүрөттөрдө калаанын тарыхы, убакыттын өтүшү менен анын, тургундардын өзгөргөнү, шаардын өнүккөнү чагылдырылган. Көргөзмөдө Фрунзе заводунун сүрөттөрү жана борбордун мурунку райондорунун, ошондой эле учурдагы заманбап көп кабаттуу имараттардын, кыргыз элинин тарыхындагы белгилүү инсандарынын эстеликтеринин сүрөттөрү орун алган. Анда акыркы жылдары Бишкектин өзгөргөнүнө жана жагымдуу бурулуштарына өзгөчө көңүл бөлүнөт.

"Бул иш-чаранын негизги максаты - шаарыбыздын өнүккөнүн көрсөтүү жана борбор калаабыз менен кыргыз элин сыймыктанууга, аны сактоого чакыруу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: