super.kg logo

Чек арага жакын аймакка куралдуу кол салууну жок кылуу боюнча машыгуулар өттү (фото)

 

Бүгүн, 27-апрелде "Эдельвейс" окуу борборунда Куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин катышуусунда "Коопсуздук-2017" аталышындагы машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда чек арага жакын аймакта пайда болгон мыйзамсыз куралдуу түзүмдү ооздуктоо жана жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттердин ыкмасы иштелип чыкты.

"Бул жылы машыгуу Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында өткөрүлдү. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, ИИМ, ӨКМ, УКМК кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрүнүн командирлери менен, Чүй облусунун өкүлчүлүгү, Бишкек жана Токмок шаарынын мэрлеринин өкүлчүлүктөрү менен ар түрдүү тактикалык эпизоддордун практикалык аракеттерин аткаруу боюнча тапшырмалар айтылып, пландар иштелип чыкты.

Аларга биргелешкен тапшырмаларды аткаруу учурундагы өз ара аракеттенишүүнү уюштуруу, аймактагы кризистик кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу айтылды. Ошондой эле аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча планды ишке ашырууда баш ийген түзүмдөрдү башкаруу учурунда Биргелешкен ыкчам штабдын аракети, стратегиялык объектерди кайтарууга алуу, өзүнчө резервдик ротаны жайылтуу, фильтрациялык лагерлерди уюштуруу аракеттери аткарылды.

Иш-чаранын аякташы менен кыскача жыйынтык чыгарылып, машыгуунун активдүү катышуучуларын сыйлоо болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
27.04.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жарайсынар ушундай маалыматтар болсо,тактоо журуп атат,болот болот дегендин ордуна.
27.04.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аркандай кырдаалда,ар убак даяр туруу керек! сактык заман талабы!куралдар
27.04.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
куралдар эски, мумкун болушунча каражатты куралга сарптоо керек!заманбап куралдануу шарт!армиясы экономикасы кучтуу олко эч качан кор болбойт.
27.04.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дожили дегендей, азаматсынар коптон бери кутуп жаткам ушуну...
27.04.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tushtuk koreanyn karyzy bizdikindei ele eken , alar armiasyn kuchtuu kylyp alyshyptyr , a bizdin armiabyzdy kuchtuu kylmak turgai chinovnikterdin sol chontoguno tushup ketken.
28.04.2017. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай озу эле колдосун, биздин аскердик техникалар менен армияга ишенич жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: