Май айында жүрөк кемтиги жөнүндө маалымат алуу күнү өтөт

5-7-май күндөрү Кыргыз кардиологдор коому жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Медициналык академиянын демилгеси менен жүрөк кемтиги жөнүндө маалымат алуу күнү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Миррахимовдун маалыматына караганда, өлкөдө жүрөк ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Жалпы өлүмдөрдүн 50 пайыздан ашыгы жүрөк ооруларынан болот. Акыркы 10 жылдын аралыгында жаштар арасында жүрөгү ооругандар көбөйгөн.
Белгилүү болгондой, Бишкек жана Ош шаарларында өтө турган акциянын алкагында бейтаптар жана алардын туугандарына маалымат берилет. Медициналык академиянын студенттерине жүрөк кемтиги тууралуу викторина өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
CEZIM

28.04.2017. 11:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.