super.kg logo

Өзгөндө багып алган ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Өзгөндө багып алган ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Өзгөн райондук соту 19-апрелде чыгарган. Өкүмүнө ылайык, 22 жаштагы айыпталуучу Т. уулу М. Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү), 164 (уурдоо), 172 (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Айта кетсек, окуя 2017-жылдын 9-январдан 10-январга караган түнү Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон. Анда 22 жаштагы Т. уулу М. кичинесинде багып алган 63 жаштагы атасы К.Т. менен уруша кетип, аны кумган менен башка чапкан. Экөөнү ажыратмак болгон апасы А.Гны да колундагы кумган менен уруп жиберген. Экөө ошол жерден жан берген. Алардын үстүнө жууркан жаап, Баткенге качууга аракет кылган. Бирок ал ошол эле күнү Ош шаарынан кармалган.

Ал эми шектүү "атам сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп, камчы менен сабаган. Кийин "сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деди. Ага да унчукпай, кечирим сурадым. Бир маалда кумган менен чабайын дегенде колунан алып, үч жолу башка чаап жибердим. Ошол учурда апам чайнекте кайнап турган ысык сууну мага чачып жиберди. Аны да кумган менен чаптым. Атам мени кичинемден бери эле сабачу. 3-4 жашымда жылаңач сыртка чыгарып койгон күндөрү да болгон" деп көрсөтмө берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.04.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айтканың чын болсо качып эле кетпейт белең! Адам өлтүрүп күнөөгө баткыча. Сендейлер толтураго..
28.04.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сот карапайым калкка гана адилетту иштейт, бунун акчасы жок коргой турган тууганы жок, бирок куноо кылдынбы жазанды алышын керек, он гулундон бир гулун ачылбай жап жаш бойдон, болгондо да омур бою турмого кеттин, оо аллахым озун сактай кор. Жаштарга ынсап бере кор.
28.04.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алсын жазасын
28.04.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми жанакы Канжар Кадыралиевдин устунон арызданган адамга да ушинтип адилет чечим чыгарып берсенер жакшы болмок, байкуш уй-булоосу менен кочодо калыптыр
28.04.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчиси болгондон кийин омур бою эмес, 20 жыл берсе деле жетмек. Былтыр куйоосун жиликтегенге деле 16 жыл берген. Карапайым, колунда жоктор, бул дуйного жаралганы учун куноолуу болуп калышты окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: