Филипп Киркоровдун Бишкектеги концерти боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүүлөрдү жүргүзөт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Филипп Киркоровдун Бишкектеги концертинде "Creativ Gamma Media Group" ЖЧКсы тарабынан имаратты ижарага алынышы жөнүндө келишимди, андан түшкөн каражаттардын суммасы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу 28-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчынын концертинен түшкөн каражаттардын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылды деген маалымат боюнча иликтөө жүргөн.
24-февралда Киркоровдун концертин өткөрүү үчүн Спорт Ордосунун ижарага алынышы, андан түшкөн каражаттар тийиштүү стандарттарга ылайык тескелгендиги текшерилет. Бул боюнча кайрылуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жиберилген. Текшерүүлөрдүн соңунда укуктук баа берилери маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
meni_kut

28.04.2017. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сахнаны жасаш арттисттердин эле колунда турбайбы.Мен ойлочу элем россиянын сахнасы озгочо сонун деп.Биздин сахнаны да россиядагыдай жасаганын коруп,биздин ырчыларга тан калдым,озунун суротун коюп эптеп окшоштуруп коюшат
lady_91

28.04.2017. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
МЧС ти текшербейсинерби ошентип боинг кырс.акча боюнча
Santini

29.04.2017. 00:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady_91, туура айтасыз....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.