super.kg logo

Мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отурум кийинкиге жылды

 
Жабырлануучу Мирлан Жолдошов.

Мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевдин иши боюнча сот отурум кийинкиге жылды. Буга 3 жабырлануучунун жана бир жактоочунун келбей калышы себеп болду. Кийинки отурум 4-май күнү уланат. Жабырлануучулардын бири Мирлан Жолдошовдун айтымында, бүгүн жарыш сөздөр айтылып, өкүм чыгышы мүмкүн болчу.

Мирлан Жолдошов кечээ Ак үйдүн алдына үй-бүлөсү менен митингге чыгып, Кадыралиевдин Ак үйдөгү тааныштары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү аракетин көрүп жатканын билдирген. Ошондой эле ал иш кайра тергөөгө жөнөтүлсө өзүн-өзү өрттөөрүн айткан.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.04.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш бул кишини кыйнабай Канжарды камай албасанар келтирген чыгымын толотуп берип койбойсунарбы, Канжарда жокпу эмне?
28.04.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алган нерселерин кайра кайрып берип койбойбу дейм да.
28.04.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бала аташкасы кеткенде анан бир жансыл болот окшойт. Шайлоодо аташкасына аябай жугургон дешет го. Аташкасы крышавать эткен учун ушинтип тайрандап журот да
kechirmeni түзөттү 2017-04-28 14:17:45
28.04.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тешип чыккыр эеси келсе беесин бер дейт кыргызда
28.04.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2015 jylda oz erki menen kelgen bash prokuraturaga dep atpaiby , oshol kezdegi bash prokuror menen keneship bolnitsaga jatyp kaldy dedirtip koigon oorukchan kyldyryp kyskasy jazadan kachuu dep oiloim
28.04.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз жок! Биздин сотторго!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: