super.kg logo

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун агасы кайтыш болду

 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун агасы Кантөрө Токтомаматов жүрөк оорудан улам кайтыш болду. Быйыл 70 жашка чыкмак. Бул тууралуу 28-апрелде өкмөт башчынын жакындары билдиришти.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кантөрө Токтоматовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кантөрө Токтомаматов 1947-жылдын 20-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын “Эл чарбасын пландоо” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1970-жылы Ош облустук администрациясында финансы бөлүмүнүн ага инспектору кызматында баштаган. 1975-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-2016-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин (мурунку Жалал-Абад коммерциялык институтунун) ректору, 2016-жылдын май айынан тартып аталган окуу жайдын президенти болгон. Кантөрө Токтомаматов Экономика жана ишкердик университетинин ачылышы, түптөлүшү, өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү тармагында ийгиликтүү иштеши үчүн зор салым кошкон. Ал негиздеп кеткен бул окуу жайы - КМШнын аймагындагы мамлекеттик эмес алгачкы университет.

1979-жылы Н.А.Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтунун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. 1988-жылы СССР Элдик билим берүү мамлекеттик комитетинин чечими менен доцент илимий наамына, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор наамы берилген.

Ал 100дөн ашуун илимий жана окуу-усулдук эмгектердин автору, билим берүүнүн отличниги болгон. Кыргыз Республикасынын журналисттер жана жазуучулар союзунун, Орусия Федерациясынын “Альманах мировой науки” илимий журналынын редколлегия мүчөсү. Билим берүү тармагында бир нече шакирттерди тарбиялаган. Анын илимий жетекчилигинде экономика боюнча 2 доктордук, 8 кандидаттык диссертация жакталган. Педагогикалык, илимий, коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын “Манас-1000” медалы, Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
28.04.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Маркумга бейиш, туугандарына,уй-булосуно сабыр болсун.
28.04.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жери жайлуу болсун.топурагы торко болсун..
28.04.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабр берсин жакындарына.
28.04.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун,жакынын олсо олумду Алланы кобуроок эстейсин
28.04.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каракулжада бугун жамгыр жол ондогондор чыгат дейм шефтер келе жатат деп.
28.04.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,жаткан жери жайлуу болсун жаратылыш да кошо ыйладф окшойт. Эми ошо жолду коруп ондотуп берет бекеен
28.04.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кантөрө агай аябай жакшы адам эле. Айкөл киши болчу. Жаткан жери жайлуу болсун.
28.04.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jatkan jeri jailuu bolsun
28.04.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Topuragy torko bolsun
28.04.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Агайыбыз аябай жакшы киши эле.Сооронбай Жээнбековдун агасы экенин билбептирмин.
28.04.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торколуу болсун. Бул кишинин батасын алган элек.
28.04.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун. Аллахым бейишин берсин!
28.04.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы атанын баласы эле.Бейиши болсун.
28.04.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейиштен жай насип этсин.
УЭиП(ЖАКИ)тин ректору эле .
28.04.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
агайыбыздын жаткан жеери жайлуу топрагы торко болсун аллах таалам фирдавус жаннатинан оорун берген болсун амин))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: