super.kg logo

Жогорку сотто коомдун сот тутумуна ишеним көрсөтпөгөндүгүнүн себептери талкууланууда

 

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда "Сот тутумунун ачык айкындыгы" аталышында тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарада коомдун сот тутумуна ишеним көрсөтпөгөндүгүнүн себептери талкууланууда.

Тегерек столго өлкөнүн бардык аймактарынан жергиликтүү журналисттер чакыртылган. Күн тартибине ылайык, журналисттерге Жогорку соттун тарыхынан тартып имаратка экскурсия аркылуу сот системи тааныштырылат.

"Мындай саамалык сот тутумундагы иштерди, соттук өкүмдөрдү объективдүү чагылдырууга көмөк болот. Бардык аймактардан 40тай журналист келди. Мындай иш-чара Жогорку соттун 92 жылдык тарыхында биринчи жолу өтүп жатат", - деди Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

"Мындай иш-чаралар мындан ары журналисттер менен соттордун ортосундагы кызматташууну бекемдеп, маалымат алууга шарт түзөт. Ошондой эле сот реформаларын, процесстерди туура чагылдырууга көмөк көрсөтөт деп ойлойм", - дейт Баткен облусунан келген журналист Арзыгүл Галымбетова.

Тегерек столго төрайым Айнаш Токбаева, USAID-IDLO'нун КРдагы сот системин бекемдөө программасынын жетекчиси Фред Хьюстон, Гарри Лэдбет катышууда. Алар журналисттер коомдун сот тутумуна болгон ишенимин калыптандыруудагы негизги күч экенин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: