Бишкекте бала бакчанын тарбиялануучуларына кыйкырып, орой мамиле кылган кызматкер жумуштан алынды
Бишкектеги №142-бала бакчанын тарбиялануучуларына кыйкырып, орой мамиле кылган кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде аталган бала бакчанын директору Раушана Абдулина SUPER.KG порталына кабарлады.
27-апрель күнү болгон окуя видеого тартылып, интернетке жайылып кеткен. Анда бала бакчанын кызматкери балдарга кыйкырып, айрымдарын жулкулдатып, суу сураган балага суу бербей, ордунан жылдырбай койгон. Раушана Абдулина видеодогу 19 жаштагы Батма Абылкасым кызы бүгүн, 28-апрелде өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.
"Ал ушул жылдын 2-февралында сыноо мөөнөтү менен тарбиячы Назира Мукашеванын жардамчысы болуп жумушка алынган. Сыноо мөөнөтү бүгүн бүтмөк. Анын мындай этикага туура келбеген, ырайымсыз аракет кыларын билген эмеспиз. Мындан улам ал сыноо мөөнөтүнөн өткөн жок. Өзү да, бул кесип менен иштей албай турганын айтып кетти. Окуя тарбиячы 15 мүнөткө ордунан басып кеткенде болуптур. Ага ал үчүн сөгүш берилди. Ата-энелер мага кайра-кайра чалып, балдары Назира Мукашевага көнүп калышканын айтып, кабатыр болуп жатышканын билдиришүүдө", - дейт директор.
Видеодогу тарбиялануучулар орто группанын балдары экени маалым болду.
Бишкектеги бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, мазактап жатат









1 |