super.kg logo
  Саясат  

Элдик курултай институтун жандандыруу үчүн оппозиция өкүлдөрүнүн жыйыны өттү

 

Бүгүн, 28-апрелде өздөрүн "Кыргыз өлкөсүндөгү Улуттук Мекенчил күчтөр" деп атаган оппозиция өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Иш-чарада Элдик курултайдын өлкөдөгү орду тууралуу талкуулар өттү. Жыйындын уюштуруучуларынын талабында Баш мыйзамга Элдик курултай институтун киргизип, Жогорку Кеңештин депутаттары, президент жыл сайын курултайда отчёт берип туруусу каралган. Эгерде институттун жалпы делегаттары отчётту “канааттандырарлык эмес” деп тапса президент отставкага кетип, Жогорку Кеңеш таркатылат. Элдик курултай институтунун түзүмү шайлоонун жол-жоболору менен аныктала турганы да айтылды.

Саясатчы Ахматбек Келдибеков улуттук баалуулуктардан улам кыргыз эли улут катары сакталып келе жатат дейт.

“Улуттук баалуулуктар Конституцияда каралбаса да, элдин ичинде иштеп жатат. Качан мамлекет катары оңолобуз? Ата-бабаларыбыз түзгөн баалуулуктардын бардыгы мыйзамдарда камтылганда гана мамлекет катары оңолобуз. Мисалы, чет элден акча алып, ошого ылайыкташып Баш мыйзам жазылып жатат. Ошол акчаны акташ үчүн Венециялык комиссияга отчёт берип жатышат. Элдин ой-пикирин эске алган жок. Мына ушулардын жыйынтыгынан 2 төңкөрүш болду. Кээ бирөө революция болду деп айтып жатат. Революция болгондо жашоо өзгөрүшү керек болчу. Бийлик алмашуудан башка эч нерсе болгон жок. Фамилиялар, адамдардын жүздөрү гана өзгөрдү”, - деди Келдибеков.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров ыйманы бекем мамлекетке мыйзамдын кажети жок экенин билдирди. Анын айтымында, курултай каада-салттын пайдубалынын бири. “Аксакалдарга кайрылгым келип жатат. Калпакты баса кийип отурсак эле кыргыз болуп калбайбыз. Кыргыз деген каада-салттары менен улут болуп келген. Мурда башка оор кыйынчылык түшүп турган мезгилде 7 аксакал өз пикирин айтып токтотуп койчу эле. Бүгүнкү күндө аксакалдарыбыз, балдарыбыз дагы коркок. Акыркы окуяларда интеллигенция, акындар, жазуучулар пикирин билдирбей жатат. Мындай учурларда энелер өздөрүнүн пикирин айтып жатышат. Эркектер аман эле бололу”, - деген пикирин айтты.

“Качан Кыргыз мамлекети оңолот, качан тартип болот, качан мыйзам иштейт? Жигитттерибиз мекенчил болгондо гана оңолобуз. Ар бир жаран менин мамлекетим, менин жерим дегенде тартип орнойт. Тилекке каршы, көбүбүз мекенчил болбой калдык”, - деп “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков билдирди. Анын партиясы Элдик курултайды колдой турганын белгиледи.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков бийлик башындагылардын жүргүзүп жаткан ишин эл көзөмөлдөшү керек экенин айтты. Элдик курултайды киргизүү менен мамлекетке жакшы нерселерди алып келсе боло турганын билдирди.

Жыйынтыгында оппозиция өкүлдөрү тарабынан Элдик курултайды Конституцияга киргизүү, өкмөт тарабынан жарандарга берилчү паспорттогу “улуту” деген графаны алып салуу боюнча токтомду жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Чечим президент жана Жогорку Кеңеште аткарууга жөнөтүлүшү айтылды. 27-майда өтө турган Бүткүл республикалык Элдик курултайга чейин президент, Жогорку Кеңеш чечимдин талаптарына жооп беришсин деген талап коюшту. Бул чечимге оппозиция өкүлдөрүнүн партиясынын, кыймылынын атынан кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: