super.kg logo

Бишкекте унаа сүзүп кеткен окуучулардын апалары: "Айдоочу мыйзамга ылайык жооп берсин"

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Бишкектеги Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде мектептен чыгып бара жаткан 2 окуучуну Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Бүгүнкү күндө окуучулардын бири Эрбол Мамажакыповдун абалы жакшы. Ал эми Алимбек Сыранов эсине келгени менен, абалы оор бойдон калууда.

Эрбол Мамажакыповдун чоң энеси Айсулуу Калбаева небересинин абалы тууралуу буларга токтолду:

"Неберем куспай, тамак жеп калды. Азырынча башын көтөрө албайт. 3 күн мурун айдоочунун туугандары келишкен, бирок биз алар менен сүйлөшпөй койгонбуз. Ооруканадагыларга "палатага киргизбегиле" дегенбиз. Биз болгону сүзүп кеткен айдоочу мыйзамга ылайык жазасын алсын деп жатабыз".

Эскерте кетсек, ички иштер министри Улан Исраилов айдоочунун ата-энеси тосмо арыз берүүнү суранып жатканын айткан.

Алимбек Сырановдун апасы Жылдыз Матеимова айдоочу тараптан карыялар келип, бирок алар менен сүйлөшпөй жатканын кабарлады.

"Тергөөчү айдоочу азыр 1 айга камакка алынганын айтты. Алимбек 5-балам. Мурда күнү эсине келген. Бир көзүн ачып жатат. Оң капталы иштеп, сол капталы кыймылдабай жатат. Дары-дармектер оорукананын эсебинен алынууда. Сүзүп кеткен айдоочу мыйзамдын алдында жооп беришин гана талап кылабыз. Ал буга чейин дагы бирөөнү сүзүптүр. Ойлонбойбу эми, токтотуу керек да. Менин баламдын абалын азыр мен эле түшүнүп жатам", - дейт Жылдыз Матеимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.04.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпаа берсин балакайларга. Айдоочу мыйзам алдында жооп берсин!!!
28.04.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз энелер бала учун жашайбызда бул дуйнодо.
Эртерээк айыгып бутуна туруп кетсе экен.

Т.б.туура айтасыздар мыйзамдын негизинде жазасын алсын!!!
madina.87 түзөттү 2017-04-28 14:00:55
28.04.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам качан карапйым эл учун иштейт . Биз элдер ушундай нерсеге конул кош калтырбайлы мыйзам алдында жоп берсин биздин келечекти биз коргобосок ким коргойт
28.04.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар аман эсен болсун бат сакайып кетсин.
28.04.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камаш керек законду кучотуу керек
29.04.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду,жакшы болуп калышат буюрса,ата-эне учун бала аман болсо экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: