super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Кыргызча демократия: билеги күчтүү бирди жыгат, бийлиги күчтүү миллиондоп сыгат

 

Бүгүн, 28-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Башкы прокуратура президенттин ар-намысы жана кадыр-баркына шек келтирди деп "Заноза" сайтын бешинчи ирет сотко берди. Арызда сайттын жетекчиси Нарын Айып, Дина Маслова, "Заноза" сайтына жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага 3 миллион сомдон доо коюлду. Октябрь райондук сотунун судьясы Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган. Бул жолу башкы прокурордун арыз жазышына 30-мартта Акыйкатчы уюштурган "Сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар” аталышындагы жыйында Чолпон Жакупованын айткандары жазылган макала себеп болгон. Анда укук коргоочу сөз сүйлөп “Президент журналисттерге асылып алды. Сот бүтө электе эле утуп чыгарына ишенип турат. Анткени акчаны каякка жумшаарын айтып жатат. Кайдан билет утарын же утпасын" деген эле. Индира Жолдубаева жетектеген Башкы көзөмөлдөөчү орган сайтка чыккан материал президенттин кадыр-баркына шек келтирет деп баалаган. Арызда президент мамлекет башчы катары элдин биримдигин сактоочу жана мамлекеттүүлүктүн жүзү болуп саналат деп баса көрсөтүлүп, “айрым булактар түрдүү ыкмалар менен бийликтин саясатын бузууга аракеттенишүүдө” деп жазылган. Доо арыз 2-майдан тартып каралат. Бийлик тараптан ММКны сотко берүү Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап бара жатканда күч алды. Март айында Башкы прокуратура "Заноза" сайтын жана Азаттык радиосун сотко берген эле. Анда Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары, “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин кыйраган Боинг учагындагы жүк тууралуу билдирүүсү себеп болгондугу айтылган. Мындан сырткары Нарын Айыптын президенттин миллиондору жөнүндөгү макаласы боюнча да прокуратура сотко кайрылган. Өлкө башчы ММКлардагы жалган маалыматтардан улам агасы менен апасы каза болгонун айтып, арыздарын кайтарып албастыгын билдирген.

Башкы прокуратура арызы менен Азаттык радиосун 20 миллион сом, "Заноза" сайтын 27 миллион сом, Жакупованы 3 миллион сом төлөтүүнү көздөп жатат. КСДП партиясы “24.кг” маалымат агенттигин жана укук коргоочу Рита Карасартованы, ар бирин 1 миллион сомдон сотко берген. Ошентип президент жана анын командасы Массалык маалымат каражаттары жана укук коргоочулардан жалпысынан 52 миллион сом өндүрүп алганы жатышат. Буга чейин жазган макаласы президенттин кадыр-баркына шек келтирет деп журналист Дайырбек Орунбековго 2 миллион сом төлөтүү милдеттендирилген.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да эки гезитти сотко берерин айткан. Сөз эркиндиги боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар бийлик менен ММК ортосундагы тирешти азырынча жолго сала элек. Айтсак, 18-мартта өткөн сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүштөн кийин анын катышуучулары 5 суткага камакка алынган. Бул окуядан кийин жөө жүрүшкө катышкан бийликтин партиясынын депутаты Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылган. Кыргыз бийлиги өлкөнү демократия орногон мамлекет катары көрсөтүп келет. Анткени менен бүгүнкү күндө бийликтен башкача ойлонгон адамдарга, ММКларга миллиондук доо арыздары аркылуу Башкы прокуратура, УКМК, сот тармагы аркылуу басым жасалып, өлкөдө авторитардык режимдин айтылбаган мыйзамдары орной баштады. Өлкөнүн демократия жолунан бурулганы эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүндө да көрсөтүлүүдө...

Бишкекте кайрадан бычакташуу менен коштолгон окуучулардын мушташы катталды. Мушташ 27-апрелде борбордогу №91-кесиптик лицейдин окуучулары менен башка мектептин окуучуларынын ортосунда болуп, жыйынтыгында бир окуучу бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Бычак сайган окуучу кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Окуучулардын арасындагы уруш-талаштын бычакташууга жетиши биринчи жолу эмес. Эки жыл мурун сентябрь айында дал ушундай эки окуя болгон. 2015-жылы 16-сентябрда Аламүдүн-1 кичи районунда Бишкек шаарындагы №38-мектеп-гимназиясынын жана Республикалык олимпиадага даярдоо мектебинин окуучулары өз ара мушташып, массалык мушташка 23 окуучу катышып, алардын ичинен 6 өспүрүм жаракат алган. Бул бычакташуу спорт мектебинин айрым жетекчилеринин кызматтан бошотулушу менен жыйынтыкталган.
2015-жылы 19-сентябрда Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин биринин окуучусу бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Лицейде футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, оюндун жүрүшүндө 2-3-курстардын студенттеринин ортосунда чыр чыккан. Иш-чара бүткөн соӊ алар мушташып, жыйынтыгында 18 жаштагы жигиттин моюнуна бычак сайылып, каза болгон. Ошол эле күнү Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылындагы мектепте танапис маалында 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун жүрөк тушка катуу уруп, окуучу өзүнө келбей көз жумган. Ушул жылдын 19-январында Кочкор районунда жогорку класстын окуучулары бычакташып, бир окуучу каза болгон. Бир күндөн кийин 20-январда дал ушундай окуя Араван районунда болуп, үч окуучу ооруканага жеткирилген. Мектептин жетекчилерин кызматтан алуу менен эле окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, өлүмдөрдүн саны азайып кеткен жок. Мектеп менен катар баланы тарбиялоо менен аны кылмыштан оолак кармоодо ата-энелердин, коомчулуктун да жоопкерчилиги жогору. Мектептеги рекетти, алдуусу алсызына кордук көрсөтүү өңдүү кылмыштарды токтотуу үчүн өлкөгө орноп калган кримавторитеттердин культун жоюу керек, уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин, алардын эл арасындагы популярдуулугун токтотуу керек. Бизде, тилекке каршы, андай адамдар аткаруучу бийликтин бардык бутактарында, ал эле эмес, мыйзам чыгаруучу бутак Жогорку Кеңешке чейин кылмыштуу дүйнөнүн элементтери аралашып кеткен...

Бүгүн оппозиция өкүлдөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү. Ага коомдук саясий ишмерлер Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жана башка жарандык активисттер катышышты. Иш-чарада Конституцияга Элдик курултай институтун киргизүү сунушу айтылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары, президент жыл сайын элдик курултайдын делегаттарына отчёт берип туруусу каралган. Эгерде институттун жалпы делегаттары отчётту “канааттандырарлык эмес” деп тапса президент отставкага кетип, Жогорку Кеңеш таркатылат. Жыйындын соңунда оппозиция өкүлдөрү тарабынан Элдик курултайды Конституцияга киргизүү, өкмөт тарабынан жарандарга берилчү паспорттогу “улуту” деген графаны алып салуу боюнча токтомду жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеңешке депутаттык орундар партияларда 200 миң, атүгүл 500 миң долларга чейин бааланып сатылары көшөгө артында айтылып келе жатат. Бул көрүнүш күчөгөн сайын парламентке мыкты юрист, мыкты мугалим, мыкты врач, мыкты мамлекеттик ишмер, мыкты саясатчы, мыкты коомдук ишмерлер эмес, мандатты пайдаланып байлыгын көбөйткүсү келген соодагерлер, бизнесмендер келе баштады. Анын айынан мыйзам чыгаруучу органдын сапаты, эл алдындагы аброю кескин төмөндөп кетти. Болбосо кошумча дагы бир орган, Элдик курултай түзүп отурбай эле аткаруучу бийликти, өлкө башчысын баш кылып, парламент көзөмөлдөп, тескеп турушу шарт болчу...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: