super.kg logo

Сапар Исаков 2040-жылга чейин пландалган "Таза коом" долбоору тууралуу айтып берди

 

Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Сапар Исаков 27-апрелде ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга “Таза коом” аттуу улуттук жогорку технологиялык долбоор тууралуу айтылды. Ал Кыргыздын 2040-жылга чейин пландалып жаткан узак мөөнөттүү стратегиялык пландын өзөктүү бөлүгү катары эсептелинет.

“Бул долбоор Кыргыздын 2040-жылга чейин пландалып жаткан, узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын негизги өзөгү катары пайдаланылат. Биз билимдүү коомду калыптоого жана электрондук экономикага өтүүгө мыкты шарттарды түзүп берчү "Таза коом" долбоорунун негизги идеясын ар бир Кыргыз жаранына жеткирүүнү каалайбыз”, - деген өз сөзүндө Сапар Исаков.

Ошондой эле ал жакын арада “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу үчүн кеңешме түзүлөрүн, ага мамлекеттик ишканалардын, бизнес тармагынын өкүлдөрү кирерин белгилеп, андан сырткары бир айдын ичинде аталган долбоордун сайты ачылып иштеп баштаарын, ал сайттан жарандар менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгү болорун да билдирди.

Бизнес-биримдигинин өкүлдөрү аталган долбоор учурда аябай керектигин белгилешип колдоого алышарын айтышканы маалым болду.

Белгилей кетсек, “Таза коом” долбоору президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген. Бул долбоор жарандык коомдун, мамлекеттик түзүлүштүн жана жеке ишкерчиликтин күчү менен ишке ашат.

“Таза коом” жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнү жакшырта турган, жеке ишкерлерге жакшы шарттарды түзүүчү жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Бул долбоордун ишке ашышы мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, коррупциялык иштерди алдын алуу боюнча курал болуп калат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
28.04.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2040 жылга чейин ким барда ким жок ушундай алдаганынарды качан койосунар ....
28.04.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
6жылдан бери кылбаган долбоорунарды,шайлоого 6ай калганда элди алдап дооругонунорду койбойсунарбы.
Сот реформасы ишке ашкан жок,коопсуз шаар,кумтор маселеси,жумушсуздук кобойду .боло турган нерсени суйлоп,ошого жараша иш кылганды уйронгулочу
28.04.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уурулар,мородерлордун созун карасанарчы алдап аткандарын
28.04.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Селерге окшогондор пейилин ондомойунча ушундай жашоо боло берет биринчи элдин пейилине жараша эл башкаруучу
28.04.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эгер бийликтегилер чын журогунон кыргызстан учун иштейм деген болсо мыйзамга озум жазасын киргизиш керек ошондо гана тартип сакталат
28.04.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ZHYRGAl1412,олум жазасын киргизсе бейкуноо адамдар коп олуп кетет.
28.04.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Олум жазасын
28.04.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир кыргызга жеткиликтуу болот деп дооруптур.Кыргызга куйсо долбоорду татар жетектейби.Кыргызга куйсо СДПК анварын комиссияга торага кылабы.СДПКнын депутаттарында же аялында же эркегинде уят намыс деген калбады.
28.04.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир келген партия онугуу программасын алып чыгып келишет,деги качан онугобуз? Фантастика аймагынан эмес, чыныгы жашоодогу программа кабыл алып ишке ашыргылачы,
29.04.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
САПар Исаков ото эле жоош лапочка корунот экенго. Президентке болбойт. Бизге чечкиндуу бийик конкреттуу уну бар кен далылуу туз баскан так суйлогон биронун жерине барганда да кыргызча суйлогон ( мисалы Путин кыргызстанга келип кыргызча суйлобойтко же тиги Эрдоган кыргызча суйлойбу? ))) анан албетте соз менен эмес чыныгы патриот президент болсооо. Мечта да эми бул
anyshka түзөттү 2017-04-29 01:16:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: