super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: БШКнын мүчөсү, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Назаралы Арипов 47 жашка толду

 

1970-жылы 28-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы "Республика" фракциясынын депутаты Назаралы Арипов Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган.

Назаралы Арипов 1990-1992-жылдары Орусиянын Тольятти шаарындагы Техникалык колледжде окуган. Ал эми 2001-жылы Ош технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүнүн жол кыймылы боюнча инженер адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1990-1992-жылы Тольятти шаарындагы автомобиль чыгаруучу заводдон жүк ташуучу болуп иштеген.

Ал эми 1994-1997-жылдары Ош шаарындагы “Эрдик” менчик ишканасынын директору, 1997-2000-жылдары жеке ишкер, 2001-2003-жылдары "Прагма-ИНК" ЖЧКнын директору, 2003-2009-жылдары "Гефест" ЖЧКнын жетекчиси болгон.

Арипов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2009-2010-жылдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаардык башкармалыгынын директору болгон. Ал эми 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

28-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: