Журналист айым "КСДПнын депутаты 10 эркекке зордуктатам" деп коркутту дейт

Кечээ, 27-апрелде журналист Үпөл Анаркулова өзүнүн интернеттеги баракчасына депутат тарабынан коркутуулар болуп жатканын жазган. Ал эл өкүлүнүн "эртең барып бетиңди көргүс кылып түздөп кетем! Мени күт! Териңди тескери сыйрып, он эркекке салып берип кетем. Сени зордуктатып коём" дегенин билдирген.
Бүгүн журналистти КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова коркутканы тууралуу маалымат тарады.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Үпөл Анаркулова коркутуулар гезитке жарыяланган макаладан улам болгонун айтты.
"Мен буга чейин депутаттын аты-жөнүн жазган эмесмин. Кимге кайдан маалымат жеткендиги да, депутаттын атын ачыкка чыгарган адам да, азыр мен үчүн белгисиз. Азыр көчөдө жүргөндөн кооптонуп жатам. Биринчиден, ал бийликтеги адам, экинчиден, "эрежесиз мушташтагы балдар меники экенин билесиң" деп коркутту... Анын айтканын кылбай койбойт деген кепилдик жок. Учурда бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылууга документтерди даярдап жатабыз, менде далилдер бар. Мындай жаман уят сөздөрдү "аял киши айтты" деп жазуудан уялгам. Бирок аты-жөнүн эл жарыялап коюптур", - дейт Үпөл Анаркулова.
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабековага байланышсак, журналистке теңелбесин айтты.
"Жаза берсин, дей берсин. Кара пиар да, эч жерде күлү додо болбогон, көрүнгөн гезитке, сайтка, ар кайсы саясатчыга, кайсы жерде жумуш чыкса ошол жерге иштеп, ушак жазган немелерге мен теңелбейм. Ар ким өз деңгээлине жараша өзүн пиар кылат. Ошол пиары өзүнө кут болсун", - дейт Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова парламентке депутат болуп келгенге чейин журналисттик кесипти аркалап, бир катар гезиттерде иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Ал эми тигил журналист кыз азаматсын чындыкты жазгандан эч тайманба, колунан эч нерсе келбейт ошонтип коркутуп кое берет да, андайларга маани бербей чындыкты элге алып чыга бергиле.
Бул аял аябай эле ыймансыз экен оозуна зордуктатам дегенине караганда