super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын вице-мэри: "Быйыл Жеңиш күнүн өзгөчө белгилейбиз"

 

"Быйыл Жеңиш майрамын өзгөчө белгилейли деп жатабыз. Майрамды уюштурууга мэрия тараптан 750 миӊ сом бөлүндү",- деп билдирди Ош шаарынан вице-мэри Дастан Ходжаев. Айтымында, бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери алгач мэриянын мурдагы имаратынын жанына чогулушуп, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин коштоосунда лимузин автоунаасы менен шаарды кыдырышат. Ошондой эле ардагерлер айтылуу “Жеңиш күнү” ырынын коштоосунда шаардагы өчпөс отко гүлчамбар коюшмакчы. Андан соң борбордук аянтта жаштар тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүш, согуштук эпизоддор тартууланат. Муну менен катар аскердик сый тамак берилет. Айта кетсек, учурда Ош шаарында 43, Ош облусу боюнча 265 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: