Адистер бишкектик айдоочулардан унаа тыгындары көп болгон көчөлөр менен жол жүрбөөнү суранат
Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын инспекторлору айдоочулардан баш калаадагы унаа тыгындары көп жаралган көчөлөр менен мүмкүн болушунча жүрбөй, айланып өтүүнү суранат. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор билдиргендей, учурда Бишкектин Байтик баатыр - Горький, Шабдан баатыр - Чүй проспекти, Шабдан баатыр - Жибек Жолу проспекти, Лев Толстой - Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгындары көп жаралууда. Ушуга байланыштуу айдоочулардын аталган көчөлөрдүн кесилишинен башка жолдор менен жүрүп, кошумча тыгын жаратпашын суранат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

