ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: 139 жыл мурун Токмок шаарында орун алган уезддик борбор Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген
Мындан 139 жыл мурун, 1878-жылы 29-апрелде Токмок шаарында орун алган уезддик борбор Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар статусу анын өсүүсүнө жол ачып, ХХ кылымдын башында Пишпекке 40ка чукул көчө түшкөн. 1885-жылы Пишпекте 2227 адам жашаса, 2013-жылы миллионго жеткен.
Шаардын аянты 12,7 миң гектар. Бишкек шаарында Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоң-Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, Чүй өрөөнүндө, Теңир-Тоонун астында, Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Казакстан чек арасынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бишкек деңиз деңгээлинен 700-940 метр бийиктикте жайгашкан.
29-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.