super.kg logo

Өзгөндө кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып кетти

 

Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Акыркы маалыматтар боюнча, жер көчкү болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Ал эми 6 үйдө жашаган 24 жаран көчкү алдында калып калган.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар катталган аймакка издөө иштерин көзөмөлдөө үчүн чыгып кетти. Буга чейин министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун бөлүм башчысы, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 64 куткаруучу, 2 КамАЗ, ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө башкаруу пункту жөнөп кетишкен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.04.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Аллахым озун сактай кор аман эсен калышсынчы
29.04.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Барып коруп койуп кайтат да ,эмне тирилтет дейсинби?Аллахым озун сактай кор
29.04.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгонумо эмне болду быйыл(((((
29.04.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол айылга чейинки жолду көрүп боору ооруп жардам берсе экен Оозунан келмеси түшпөй барып келет жолдорду суу алып кетип элдер кандай кыйналып жатканын өз көзү менен көрүп бийлике жеткире келсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: