Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсык боюнча видео кайрылуу жасады. Анда аталган айылга 2-3 күн мурун жер көчкү боюнча эскертүү берилгени жана малдын жанын баланын жанынан артык койбоо тууралуу айтылган.
"Бүгүн өлкөдө кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районундагы он чакты үйдү басып калды. Баарынан кейиштүүсү 2-3 күн мурун барып көчкүлө десе, укпай "көчпөйбүз" деп болбой коюшуптур. Мен деле айылда өскөм, албетте, көчкүсү келбегендерди да түшүнөм. Жазында даяр жайыт турат, көчкүсү келбейт. Макул, үйдүн ээси көчкүсү келбей жатса, балдардын эмне убалы бар. Малдын башы баланын башынан артыкпы? Ошо балдар аман калса, малын да сатып берет, ишкер болот. Мүмкүн президент болмок ошол балдар. Мекендештериме кайрылат элем малдын жанын, дүнүйөнү баладан өйдө койбосун. Баш аман болсо мал дайыма табылат. Мен деле кембагал үй-бүлөдө чоңойгом. Апам жалгыз коюн аячу эмес. Эсимде бар, окууну бүтүп келсем апам менен атам жалгыз коюн союп беришкен. Мына кээ бирөөнү көчкүнүн алдынан казып чыгара албай жатабыз. Аларга мүлк эмес, 8 метр бөз буйрубай калып жатат. Анткени кээ бирөөнү таппай жатабыз да. Билип туруп көчпөй жаткандарга кайрылат элем, балдарыңардын, жакындарыңардын убалынан корксоңор", - деп айтылат өлкө башчысынын видео кайрылуусунда.
Айта кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөсүндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда.
Президент жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Туура айтасын кочкуло десе алар каяка кочот кочуп кочодо жашайбы кочуш оной эмес Уй салыш жер алыш керек ага каражаты жеткен бар жетпеген бар
Кудайым ОЗУ сактасын жакындарына конул айтам(( окунучтуу
Ушул созду бекер айтыптыр
Каяка кантип кочуруштун жолун билбеген сон
Каражаты жоктор кантип кочот кантип кочот