Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандарды издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду
Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандарды издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө-куткаруу иштери 30-апрель күнү эртең менен уланат.
Эскерте кетсек, Өзгөндөгү Заргер айыл аймагынын Аюу айылында бүгүн эртең мененки саат 06:40тар чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Издөө-куткаруу иштерине 400дөн ашык адам тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Журок тилинип отурат кайрат кылыныздар