super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат Улугбек Ормонов: "Өкмөт тарабынан Аюу айылынын тургундарына кооптуу жайдан көчүү керектиги тууралуу эскертүү гана берилген"

 
Кырсык болгон аймак
"Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрель күнү таңкы саат 07:00 чамасында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон айылдын тургундарына жер көчкү боюнча эскертүү берилгенин айтып жатканы менен, ага олуттуу чаралар көрүлбөгөнүн бүгүнкү күндөгү кырсык далилдеп турат.

Бул окуя тууралуу SUPER.KG`ге "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов буларды билдирди:

"Мурун көчкү болгон Ничке-Сай аймагы боюнча маселе башка. Ал жерде илгертен жер көчкү коркунучу бар экендиги айтылып, бийлик тарабынан тургундарга жер бөлүнүп берилген. Ал эми ошол айылга жакын жайгашкан Аюу айылындагы тургундарга көчкүлө деп эскертүү берилгени менен, мамлекет тарабынан сертификат, жер бөлүнүп берилген эмес. Анткени жер көчкү коркунучу бар экендиги быйыл билинген. Быйылкы жер көчкүлөр башталганда ӨКМнын кызматкерлери келип, аймакты көрүшүп, жер көчкү коркунучу бар деген маалыматты тургундарга эскертишкен.

Мен азыр ушул жактамын, учурда аксакалдар менен кеӊешип, көчкү астында калган сөөктөрдү казбай эле, мүрзө кылып калтырып коюу маселеси каралып жатат. 7 үй-бүлөнүн алыскы жактагы туугандарын күтүп жатышат. Алар келишсе, баары менен кеӊешип, бир чечим кабыл алынат", - дейт Улугбек Ормонов.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 26-мартында Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасында жер көчкүнүн астында бир үй-бүлө мүчөлөрү калып кетип, каза болушкан. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеси бул жерде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.04.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип калып кетишеби? Мумкун тируусу бардыр эле,олгондору деле ак кепинделбей эле кыйшайып кандай олсо ошентип калып кетеби эми?Мерчемдуу жерлерди казышса чыгаар эле,эми кимиси кайсы жакка канча сурулду ким билет? Жаш наристелерге ыйлап ыйлап отурам,чон адамдардын тушунугу жоопкерчилиги тайкылыгынан ,ойноп кулуп жургон балтыр бешиктер уйку арасында жер жамынышты,окуном!
30.04.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул киши озу мусулманбы деги? Кантип ак кепинге оробой ошол бойдон мурзо кылып койгон жатат????? Мусулманчылыкта болобу ушундай кылса????
30.04.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбойт анткен. Алар да Аллахтын пендесиго оз жанына кас кылып арам олгон адамды да кепиндешет а алар кокус эле Аллахтын окуму менен жок болдуго аларды кепиндоо бир туугандарын милдети чондор казып чукуганга зееригип эле ошенте беришет не дегенде алардын биртуугандары жок да ал жерде.
30.04.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажо айтмакчы 6 метр боз буйурбай кете беришеби???мусулмандар аалымдар имам молдокелер ушул бойдон калиырса туура болобу??
01.05.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким кандай ажал менен олот билбейбиз бирок ушул депутаттын тууганы болгондо куну туну каздырат эле эч нерсеге карабай.,болбойт да муну кайдигерлик деп санайм...24 кишини таппай таштап салган чогуусу менен болмок беле???мал беле же малды да кыйбайсын козун коруп аа олду дебесен..
01.05.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип болсун ошо???...
МЧС иштесин мамлекет жардам берсин,табыш керек. Олугун коруп жок дегенде кокшуну сууп калышат.мумкун тирик жан бардыр
01.05.2017. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тируу калбаса деле керек эмгиче бирок соокту чыгарыш керек куча болуп олуп эми... кепиндеп комулбой калса?? согуш маалында да мындай болбогондур..замандын жетишкен убагы го,жол салган кытайларда туру бар техниканын болбосо сурашсын башка шаарлардан техника эскватор бизде жок болсо казахстан озбекстандан келип деле чыгарышып беришеер биздин колдон келбесе..кийин сон жаан жууп сооктор чыгып корунуп калса ким экени таанылбай уят эле болот го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: