Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы кооптуу аймактар жана табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышты (фото)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде Ош облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө аймактагы кооптуу аймактар жана табигый кырсыктын кесепеттери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Өкмөт башчы Бишкек-Ош авто жолунун 610-чакырымындагы аймакты көрүп, анда Жазы дарыясынын өзгөрүүсүнөн улам суу каптоо коркунучу бар экенин көрдү. Премьер-министр дарыя жээгин толук жуулуп кетүүсүн болтурбоо жана суунун деңгээлинин убактылуу кармап туруу үчүн кошумча жээк бекемдөөчү дамбаны элүү метрге кеңейтүүнү тапшырды.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга дарыянын жээгиндеги топуракты ташып кетүүгө тыюу салуу менен, мындан ары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен аталган ишмердүүлүккө лицензия берүүнү макулдашууну, ошондой эле ыкчам тартипте 200 метрлик жаңы дамба куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
"Эч ким качан, кайда табигый кырсык болорун билбейт, мындай кырдаалда биз ыкчам түрдө кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн биргелешип күч аракеттерди бириктирүүбүз керек. Ошондой эле баарыңыздарды ӨКМнын адистеринин коопсуз жайларга көчүү боюнча сунуштамаларын, кеңешин угууга чакырам", - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле өкмөт башчы Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагындагы үч айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн (Ийри-Суу, Чангет жана Заргер ) аталган айылдар жер көчкүсү жүрүү коркунучу бар аймакка киргендиктен аларга бөлүнүп жаткан жер участкаларын көрдү.
Сооронбай Жээнбеков жер участкаларын бөлүү боюнча маселе чечилгенин билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык зарыл болгон инфраструктураны камтыган Башкы планды иштеп чыгуу тапшырылды. Жалпысынан 34 гектар жер бөлүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Болбосо канчалаган жыл иштеди губернатор болуп,
Бааарын горго киргиле бийликтегилер.
Элим аман болсун, озундон калба элим амииин