ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү
Совет мезгилинде 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-Май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.
1-Май майрамы Кыргыз жергесинде биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-Майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















