super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2017: Радикалдуу реформаларды күткөндөр Бабановду колдоп добуш беришүүдө (толукталды)

 

Президенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылардын аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүү өнөкөтү жанданды. Жарышты утурлай SUPER.KG порталында быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүрүүдө.

Бир нече айдан бери Чубак Жалилов биринчи орунда келе жатат. Ал мамлекеттик кызматта иштеген эмес, саясатчы дагы эмес. Ошентсе да Чубак Жалиловду президент катары көргүсү келгендерди “саясатчы” аталып жүргөндөргө такыр ишенбей калгандар, бир нече жылдап өзгөрбөй, алмашпай келе жаткан саясий элитага альтернативдүү адамдарды издеп жаткандар деп мүнөздөөгө болот.
Учурдагы бийликтин иштерине ыраазы болбой, кескин сын көз-караштагы электорат Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчыларды колдоп, добуш берип жатышат деп болжолдоого болот. Булардын ичинен азырынча Адахан Мадумаровдун гана колу, жолу бош. Эгер каржылык жактан колдоо тапса президенттик жарышка расмий түрдө аттанары байкалып турат. Ал эми Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин абалы башка. Алардын учурда камакта болуусу, шайлоо жарышына аттанары арсар болуп турганы алардын рейтингине таасир этүүдө. Ошентсе да Садыр Жапаров сурамжылоодо экинчи орунда бир нече жумадан бери сакталып келе жатат.

Азыркы бийликтин аракеттерине ыраазы болбой, радикалдуу реформаларды жасоого болот деп ойлонгон адамдар Өмүрбек Бабановду, айрымдары Темир Сариев, дагы бирлери Бакыт Төрөбаевди колдоп жатышкан өңдүү.

Ал эми жогорудагылардан айырмаланган, жаш, билимдүү, интеллигенттерди колдогусу келгендер Сапар Исаковду өлкө башында көргүсү келип добуш берип жатышкандыгы көрүнүп турат. Бул маанайды эске алуу менен жакынкы аралыкта оппозициядан дагы жаш, өткүр, билимдүү саясатчы сунушталышы мүмкүн.
Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинен 1-майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай. Бир нече айдан бери биринчи орунда Чубак Жалилов келе жатат. Бул айлампада 2-орунга Садыр Жапаров, 3-орунга Адахан Мадумаров, 4-орунга Өмүрбек Бабанов, 5-орунга Сапар Исаков чыкты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: