super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзгөндө көчкү басып калгандарга өкмөттөн эскертүү, жардам болгонуна далил көрсөтүлө элек

 

"Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү баскан жети үйдүн үчөөсүнүн ээсине гана ссуда берилген", - деп бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына аталган айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошов маалымдады.

"Калган төрт үйдүн ээлерине март айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери келип, "силер жашаган аймак кооптуу эмес, жер көчкү болсо корооңорго жетпей токтоп калат" деп айтып кетишкен экен. 27-апрелде мен айыл тургундарына келип, башка жерге көчүп турууну сурангам. Алар мага "эртең көчүп чыгабыз" деген тил каттарын жазып берди эле. Тилекке каршы, көчүп чыгып кетүүгө үлгүрбөй калышты", - дейт Бокошов.

Динмухаммед Бокошов ээлеген кызматына 2 ай мурун эле келгенин баса белгилеп, тиешелүү документтер колунда жок экенин билдирди. Демек, көчкү алдында калган үйлөрдүн ээлерине ссуда берилгенине азырынча далил жок.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.05.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча адам табылды ким билет билгендер барбы.
01.05.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так саны канча экен айтып койгула
01.05.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ссуда берилген деп ал ортодо да пайдаланып жатышат да чондор далил документ жок болсо 3уйго деле берилгени белгисиз ынасптуусу жок чондордун баары эле жегичтер..
01.05.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки колоттун ортосуна уй сала бербей озбеке кеткен жерди алгыла не бар тоодо тоодо жашай албайбыз кой эле бакпасак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: