super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер 58 жашка чыкты

 
"Ата Мекен" фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер 58 жашка чыкты. Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган. 1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон. 2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүндө ички иштер министри кызматын аркалаган. 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде "генерал-лейтенант" наамы ыйгарылган.
2011-жылы КРнын Президентинин Жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку "Манас" ордени менен сыйланган. Болот Шер мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Эл аралык “Көк-Бөрү” федерациясынын негиздөөчүсү.

1-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: