Энтони Жошуа украиналык мушкер Владимир Кличкону нокаутка учуратып, 19 миллион 380 миң доллар гонорар алды

30-апрелге караган түнү украиналык мушкер Владимир Кличкону нокаутка учураткан британиялык мушкер Энтони Жошуа бул жеңиши үчүн канча суммадагы гонорар алганы белгилүү болду. Британиялык басылмалардын маалыматына ылайык, мушкер 19 миллион 380 миң доллар пайда тапкан.
Алдын ала эки мушкерге тең 13 миллион доллардан убадаланган. Телеканалдардан алынган каражаттардын суммасына жараша мушкерлерге кошумча каражат төлөнмөк. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган мушкер 19 миллион доллардан ашык каражатты капчыгына салды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Булар артист болушат, Кыргыздын муштумун жегенде, бир ай оорукана гарантия. Демек, Жигит.1982 Сен тортик экенсин. Эркекче.
http://www.super.kg/kabar/news/185929/