super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Журналист: "Депутат Жылдыз Мусабекова менен болгон сүйлөшүү телефондо жазылуу. Жакында бардык далилдерди жарыялайм"

 

"КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекованы коркуткандыгы үчүн сотко берүүгө далилдерим бар" деп билдирди бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына журналист Үпөл Анаркулова. Буга чейин ал "КСДПнын депутаты 10 эркекке зордуктатам" деп коркуткандыгы тууралуу билдирген эле.

Анын айтымында, депутат менен сүйлөшүүлөр телефондо толугу менен сакталган.

"Ортодо аза күтүү күнү болуп калды. Жылдыз Мусабекова мага 2 жолу чалган, сүйлөшкөндөрүбүз толугу менен телефондо жазылуу. Учурда айрым журналисттер "Бул кызга пиар керек болуптур деген сыяктуу маалыматтарды жазып жатышат". Мындан улам жакында бардык далилдерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайм. Фейсбукка эмнени жазсам, баары телефонумда жазылуу, далилдер болгон үчүн пост жаздым", - дейт Үпөл Анаркулова.

Буга чейин айтылгандай, чыр жергиликтүү гезиттердин бирине жарыяланган макаладан улам келип чыккан.

"КСДП фракциясынын депутаты айылга "крыша" деген макала жазгам. Гезитке чыккан маалыматтын тактыгын далилдеп бере алам. Коркуткандыгы тууралуу далилдердин негизинде сотко берем, ошондо мен андан эмес, ал менден кечирим сураш керек", - деп кошумчалады журналист.

Айрым маалымат каражаттары Жылдыз Мусабекованын "Мени каралагандыгы үчүн журналист кызды сотко берем" деген билдирүүсүн жарыялады. Бул боюнча депутатка байланышканыбызда:

"Эмне, башка маалыматыңар жокпу? Бул сенсациябы? Американы ачтыңарбы? Ошондой жеңил ойлуу кыздардан болбогула, жөн эле билип-билбей жаза берген. Биринчи эрге тийгиле, бала-чака баккыла, кайын журт күткүлө, бардык нерсеге жеткиле анан түшүнөсүңөр. Адамдын тагдыры менен ойногон оңой эмес. Сотко беремби, бербеймби, ал менин жеке ишим", - деп жооп берди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(22)
01.05.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыйын катын окшойт аа. Суроолорго жакшынакай жооп бербептирго өзүм билем деп. Крышасы күштүүлөрдөнбү же мультимилионерби. Менида коркутуп жүрбөсүн коментарий жайбай эле отурайн.
01.05.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул аял жакпайт. Ошондой жеңил ойлуу кыздардан болбогула. Эрге тийгиле деген сөзүндө эле сылыктык, аялдык касиети жок экени билинип турат. Өзү да эркекче сөгүнүп сагынып жүрөт дейт. Анысын баалагандар да бар. Андан да күнүгө эле тойдо жүрөт го. Депутат болуп келгенден бери канча мыйзам жазып, канча маселе чечкенин сураш керек.
01.05.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул депутат айымда АША нын чийген изинен чыгалбай жүргөндүрда балким
01.05.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Жылдыз эже жалган маалымат таратып жатат сиз элге кызмат кыласыз алга Жана алга эл сиз менен оштон сизге ысык салам эже
01.05.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Makain,эмне кылып кызмат коды элге?
Бир кызматын айкылачы жок дегенде?
01.05.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Makain,оштуктарды сатбай озундун атындан айт саламынды.
01.05.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
СДПКчылар баары эле "доочулар" го, кемчилигин корсотсон догурунуп миллион ондуром деп сотко берген. Же "Аташкасынан" улгу алып жатышабы?!! Билинип турат ким экени, "денгээли". Уят кыргызым уят, 500-1000 сом учун намысынды, озундун, уй-було, балдарындын келечегин сатып бийликке кимдерди алып келгенинерди бир кара!!! Уят, уят, намыс барбы ЭЛ силерде, ар шайлоодо алданып, акчага, аракка, куру убадага дрбушунарды сатып келесинер!!! Уят!!!
Patriot7 түзөттү 2017-05-01 19:58:02
01.05.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Abubakir05,болгонун жазып жатам ака Ким сатып жатат
01.05.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен "СДПКнын баардык жеп-жутарларынын аттарын жатка билем" деп журсом, бул "депутана" эже дагы бар экен да!
01.05.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
EddieNigma,"депутана")))))))
логично...
01.05.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмнеге ушуга окшогондор бийликте олтурат? Кыргыз ойлон!
01.05.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сдпк кууратмай болду го. Бүт бири бирине окшогондор
01.05.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Журналист кыз азаматсын эч тайманба, далилдери болгон сон жоопко тартып мандатынан ажыратыш керек буга окшогондорду, озунун денгээли тигил болсо кыйратып элдин эмне койгойун чечип иштемек эле, ушуга окшогондор мн депутаттын санын кобойтпой кыскартыш керек, озу деле журналист болчу бир убакта, каяктан келип депутат болуп калганын билбейм, ушундай денгээли томон адамдар эл окулу болуп отурганы окундурот, буга окшогондордон бир нечеси бар парламентте, кылган иштери жок жонле чыгым мамлекетке.
01.05.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arlenchik, Tup tura jazdyn 1000%
01.05.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bul ishti bash prokurotura , uluttuk koopsuzduk komiteti iliktesh kerek , mandatynan ajyratysh kerek myndai ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-02 09:26:19
02.05.2017. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atas,аларын деле намысын акчага сатып буткон жеп жутарлар.кана прокуратура гкнб кимиси карапайып калктын пайдасына бир ишти чечтиби?жоок.чечкен жок.Ашанын айтканын кылышат
01.05.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ошто сдпкны колдойт алга Сдпк ишинерге ийгилик.
01.05.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматтуу элим биз талкуу жараткагыбыз менен урушуп талашып жатабыз бири бирибиз менен антпейли урушпайлы болунбойлу коросунор депутат айым менен журналист кыз жен ичин суйлошуп алат коросуздор аз калды.
01.05.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Makain, Эл уже мындан ары чыдайбы айтыш кыйын мойунга жетип калды кылыктары
02.05.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Shekeev969798, кекиртегине десен. Аба жетпей деми кысылып баратат элдин. Эл толкуса толкуй турган учуру эбак эле келген...
02.05.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул айылдык мугалимдин кызы. антип айткандан уялам. таалим тартиби жок кыз окшойт.
02.05.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toko77,адашпай суйлосон айылдык мугалимдин кызы болсо эмне экен таалим тартиби жакшы эле, билесинби ааламга жол айылдан башталарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: