super.kg logo
  Саясат  

Нарын шаарында 9-Май - Улуу Жеңиштин 68 жылдыгы белгиленди

 
Майрамдык салтанат КРнын Гимни менен башталды
"Тянь-Шань" сейил багындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүл чамбар коюлду
Мекендик согушта курман болгондордун урматына тургузулган эстеликке гүл чамбар коюлду
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басарлары Эмил Алымкулов, Чынара Абдраимакунова, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков шаар мэри Баатырбек Жээналиев жана башкалар (солдон оңго карай)
Чатырчалардын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине аскердик сый тамак берилди

Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара Нарын шаарынын "Тянь-Шань" сейил багындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев мындан 68 жыл мурда кан кечип, согушта баатырдыктын өлчөөсүз үлгүсүн жаратып, ооруктун оор түйшүктөрүн көтөргөн ардагерлерди куттуктады. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Майрамкүл Тиленчиева да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соң ардагерлерге аскердик сый тамак берилди. Мындан тышкары күндүн экинчи жарымында "Кур-Терек" ат майданында улуттук ат оюндары өтмөкчү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: