ЭЛДИК ВИДЕО: Көчкү баскан айылдын тургуну: "ӨКМдан келишип, силер жакка көчкү түшпөйт, кепилдик беребиз дешкен"
"Элдик видео" бөлүмүнө "Көчкү баскан айылдын тургунунун пикири" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella)
Аталган видеодо тургун кырсыкка чейинки ӨКМнын билдирүүлөрүн айтып берүүдө.
"2-3 жума мурун ӨКМдан келишкен, атам түшүп "биз жакка көчпөйбү?" деп сурады эле "жок" дешти. Артынан апам түшүп келип, "силер кепилдик бере аласыңарбы?" дегенде, "силер жакка түшпөйт, кепилдик беребиз" дешкен.
Ошондо биз көчсөкпү же көчпөсөкпү деп эки анжы ойдо калып калдык. Азыр карындашымды табышты, атам жок болуп жатат. ӨКМнын сөзүнө күбөлөр да бар, айыл өкмөт, жогору жакта жашагандар болуп топтолуп турганбыз. Биз ссуда алган эмеспиз, алар ссуда алгандарды көчкүлө дешкен. Буга чейин "мени түшүмдө көчкү басып калды" деп апама айткам. Апам "кепилдик беришкен, көчпөйт дешкен", - деп жооп берген. Ушундай болуп калды, айла жок эми", - деп сүйлөгөн.
Көчкү баскан айылдын тургуну эмне дейт?




1 |