super.kg logo
  Спорт  

Иван Панфиловду эскерүү урматына арналган грек-рим күрөшүнүн 53-эл аралык мелдеши соңуна чыкты

 

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Иван Панфиловду эскерүү урматына грек-рим күрөшү боюнча 53-эл аралык мелдеш бүгүн, 9-май күнү соңуна чыкты. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, мелдешке 50 килограммдан 120 килограммдык салмакка чейинки Кыргызстандын, Казакстан жана Кореянын балбандары катышты. Азыркы тапта 50, 60, 74 жана 96 килограмм салмактагылардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ал эми 55, 66, 84 жана 120 килограмм салмактагылардын алдынкылары түштөн кийин айтылмакчы. Алгачкы жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:

50 килограмм салмактагылар арасынан

1-орун Илхамжан Иминов (Кыргызстан)

2-орун Баястан Урматбек уулу (Кыргызстан)

3-орун Алтынбек Кубанычбек уулу (Кыргызстан)

3-орун Айжигит Айтбек уулу (Кыргызстан)

60 килограмм салмактагылар арасынан

1-орун Сайтазимов Шухрат (Кыргызстан)

2-орун Алмазбек Эсеналиев (Кыргызстан)

3-орун Бекжан Мырзалиев (Казакстан)

3-орун Кыдыралы Жансеитов (Казакстан)

74 килограмм салмактагылар арасынан

1-орун Бекбол Жапаралиев (Казакстан)

2-орун Уланбек Курбанбеков (Кыргызстан)

3-орун Нуржан Надыров (Казакстан)

3-орун Уларбек Абдираим уулу (Кыргызстан)

96 килограмм салмактагылар арасынан

1-орун Аман Токтогонов (Кыргызстан)

2-орун Виталий Стоцкий (Кыргызстан)

3-орун Мелис Жолдошев (Кыргызстан)

3-орун Адилет Кыбраев (Кыргызстан)

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: