super.kg logo

Эки баласы менен көчөдө калган кош бойлуу энеге кайрымдуу адамдар жардам колун сунду. Анын тагдыры SUPER.KG порталына жарыяланган

 

Кош бойлуу кезимде эки балам менен көчөдө калып, кошунамдыкында баш калкалап жүргөнүмдө кайрымдуу адамдар жардам колун сунду. Мындай маалыматты бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына Бактыгүл Жамбылбек кызы айтып берди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Жамбылбек кызынын оор турмушта жашап, эки баласы менен коңшусунун үйүндө жашап жатканы туурасында маалымат жарыяланган.

"Буга чейин SUPER.KG порталынын журналисттери келип абалымды сурап, кайрымдуу адамдар бар экенин айтканда ишенген эмес элем. Сиздер аркылуу тагдырым коомчулукка жарыялангандан кийин колу ачык адамдар келип кийими жок ач калып, ток калып жүргөн эки балама белгисиз адамдар кийим-кече сатып беришти. Кийин дагы башка адамдар келип кошунамдын үйүнөн башка жакка көчүрүштү. Алар батирдин 2 айлык ижара акысын төлөп берип кетишти. Мындан башка мага жардам бергендердин баарына ыраазымын", - деп билдирди Жамбылбек кызы.

Бактыгүлдүн айтымында, ал азыр 8 айлык кош бойлуу. Жолдошу эмдигиче кайрылып келе элек. Төлөнгөн ижара акысынын мөөнөтү май айынын аягында бүтөрүн кошумчалады. Батирдин бир айлык ижара төлөмү 2500 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.05.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур
01.05.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
торотко акча керек,продуктасы озу иштебесе кантти?май бутсо кварплатын ким толойт?
01.05.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл бар жардам берет ИншаЛлах. Бирок кийинки кундору кобойуп кетти ушундайлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: