Бишкекте Кыргыздан чыккан "Город 312" тобунун концерти өтүп жатат (фото)













Бүгүн, 1-майда Бишкектеги эс алуучу кафелердин биринде Кыргыздан чыккан "Город 312" тобунун концерти өтүп жатат. Ырчылар алгач маалымат жыйын өткөрүшүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Аталган топтун солисти, орусиялык жана кыргыз ырчысы Светлана Назаренко (сахнадагы ысымы Ая) буларга токтолду:
"Орусияда чыгармачылыгыбызды түптөөдө көп кыйынчылыктар болду. 5 жыл жөн эле убакыт өттү десек болот. Бирок эч нерсеге карабай кыялыбызды ишке ашырууну уланттык.
Алгачкы чоң концертибизди өз мекенибизде, Бишкекте өткөрүүнү каалаган элек. Баары алдын ала сүйлөшүлүп, дайындалган эле. Бирок кээ бир себептерге байланыштуу болбой калып, Москвада өткөрдүк. Буюрса, жакынкы жылдары чоң масштабда борбор калаада концерт беребиз деп ишенебиз", - дейт ырчы.
Учурда концертке миңдеген көрүүчүлөр күбө болуп, милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп жатышат.
"Город 312" тобунун концерти. 1.05.2017.

Аны деген реклама дейт. Концертине барбаган
сон неге нааразы болосун, кыйын болсон барбайт белен. Андан коро тигил жакта кочкудо калган элдерди жемелеп аткан атанды сокпойсунбу. Сок энеси боозуганча. Уялбай элдерди куноолоп атат
атана
атат