super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Замир Бекбоев 64 жашка чыкты

 

1953-жылы 1-майда V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замир Бекбоев Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “прикладдык математика” адистиги боюнча бүтүргөн. 1976-1980-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинде тажрыйба байытууда болгон, андан кийин аталган университеттин аспирантурасында операцияларды изилдөө кафедрасында билим алган.
Эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин прикладдык математика кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1980-1981-жылдары - Фрунзе политехникалык институтунун электрондук эсептөө борборунун начальниги болгон.
1984-1991-жылдары - ФПИ ЭЭМ кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.
1991-1995-жылдары - Ишкерлердин Чүй облустук фондунун директору. 1995-1996-жылдары “Бабек ЛТД” ЖЧКнын директору.
1996-жылдын мартынан декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гуманитардык жардамдарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
1996-жылдын декабрынан 2005-жылдын ноябрына чейин - “Бабек ЛТД” ЖЧКнын аткаруучу директору.
2005-жылдын ноябрынан 2008-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
2008-жылдын январынан 2008-жылдын июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары.
2008-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.
2010-жылдын октябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
1-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: