super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы жер көчкү түшүп 13 үйдү басып калган Жалпак-Таш айылына барды

 

Бүгүн, 1-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү түшүп, 13 үйдү басып калган Жалпак-Таш айылына, ошондой эле Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы жер көчкү түшүү коркунучу бар Көлмө айылына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалпак-Таш айылынын бардык жашоочуларына жер көчкү түшүү мүмкүндүгү жана коопсуз жайга көчүү жөнүндө эскертилген, аларга 15 чатыр орнотулуп, медициналык пункт иштеп жатат. Ошондой эле азыркы учурда 62 үй жана төрт социалдык объект – мектеп, бала бакча, мечит жана ФАП кооптуу жайда жайгашканы белгилүү болду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик мекемелер тарабынан жергиликтүү жашоочуларга колдоо көрсөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар кабыл алынарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: