super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: Белгилүү англиялык футболчу Дэвид Бекхэм 42 жашка чыкты

 
Кичинекей кезинде
Үй-бүлөсү менен

Белгилүү англиялык футболчу Дэвид Бекхэм 42 жашка чыкты. Ал 1975-жылы 2-майда Лондондо төрөлгөн. Дэвид Бекхэмдин спорттогу алгачкы кадамы лондондук "Лэйтон" футболдук клубунан башталган. Аталган клубда эки жыл ойногон соң "Тоттенхем" аталышындагы белгилүү футболдук мектепке кирип, аны ийгиликтүү аяктаган. 11 жашында жаштар арасындагы Bobby Charlton Soccer Schools National Skills футболдук мелдешинде жеңип чыккан. Анын ийгиликтерине күбө болгондор жаштар лигасында "Манчестер Юнайтеддин" атынан ойноону сунушташкан. 1992-жылы аталган команда Англиянын кубогун жеңип, сынчылар Дэвид Бекхэмдин ойногонун жактырышкан. 1993-жылы футболчу "Манчестер Юнайтед" менен профессионалдык келишим түзүп, клубдун негизги командасынын мүчөсү аталган.

2000-жылы Дэвид Бекхэм Англиянын футбол боюнча курама командасынын капитаны болгон. 2002-жылы мадриддик "Реалга" 35 миллион еврого өткөн. Анын курамында футболчу 2003-жылы Испаниянын Суперкубогун утуп, 2006-2007-жылдары Испаниянын чемпиону аталган. 2007-жылы "Реалдын" башкармалыгы менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам америкалык "Лос-Анжелес Гэлакси" клубу менен 5 жылга келишим түзүп, анын курамына кирген. 2009-жылы италиялыктардын "Милан" клубуна өткөн.

2013-жылы 31-январда Дэвид Бекхэм франциялык "ПСЖ" футболдук клубу менен 5 жылдык келишимге кол койгон. Ошол эле жылдын 16-майында ал профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган.

Жеке жашоосу

1999-жылы "Spice Girls" тобунун мурунку ырчысы, англиялык актриса, фотомодель Виктория Адамска үйлөнүп, тойго 800 миң доллар акча каражатын короткон. Түгөйлөрдүн ортосунда 3 уул жана бир кызы бар.

2-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: