super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жумалиев: "Быйыл шаардын иштери жакшы, мэр кыйын чыкса керек"

 

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимжан Жусубалиев Бишкек-Ош жолунун чуңкурларын бүтөө иши кечиктирилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Төө-Ашуунун жолуна негизги күч келип жаткандыктан тез арада чуңкурларын бүтөө керек экенине токтолду.

“Бишкек-Ош жолун оңдоо иштери азыркы күнгө чейин баштала элек. Эч кандай жолтоолор болгон жок, эмнеге кечиктирилип жатат. Таш-Көмүргө барып келдим. Күн чайыттай ачылып турат. Жолдо бир дагы жол оңдоочуларды көргөн жокмун. Республикалык жолдорду оңдоо иштери аксап жатат. Жылда Бишкек шаарынын жолдорунун чуңкурлары оңдолбой калчу эле. Быйыл шаардын иштери жакшы, мэр кыйын чыкса керек”, - деди депутат.

Азимжан Жусубалиев быйыл тоолуу аймактарда аба ырайы татаал болгонуна байланыштуу иш кечиктирилип жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: