Орусияда таштандыдан табылган адамдын дене бөлүктөрү Кыргыз жарандарына таандык экени аныкталды
Орусияда таштандыдан табылган адамдын дене бөлүктөрү Кыргыз жарандарына таандык экени аныкталды. Бул тууралуу орусиялык "MK" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 21-апрелде Москвадагы өлүккананын жанындагы таштанды челектердин биринен адамдын сөөктөрү, чачтары табылган. "Алар оролгон абалда болгон. Аны таштанды ташуучу унаанын айдоочусу кокустан көрүп калган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, дене калдыктарынын жанындагы кагаздарды окушкан. Анда аларды өлүкканадан Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү алып кеткени жазылган", - деп жазат басылма.
Ошондой эле тергөөчүнүн 4 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган январда болгон жол кырсыгы боюнча иштеп жатканы белгилүү болгон. "Ал кырсыктан курман болгондордун денелери күйүп кеткен. Кырсык боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда сөөктөр экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттер дене бөлүктөрүн ДНК-экспертиза үчүн бөлүп алышып, бирок ал керек болбой калган. Аларды жерге берүү үчүн Кыргыз мамлекетине жиберишкен. Бирок кээ бир калдыктар өлүкканада калып калган. Тергөөчү аларды утилизация үчүн крематорийге өткөрүп бергендин ордуна таштандыга ыргыткан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан 30-40 жыл илгери элдин саясат менен, байлык менен иши жок, уурулук кылуудан, бироонун акысын жегенден корккон заман эле, азыр эл канчалык озгорду. Ушунун баарына бийлик куноолуу болбогондо ким?
Өзүндү тимеле москвич сезип алдын го бир кылган ишин жок
Жок дегенде жердештериндин сөөгүн таштандыга таштатпай карап койсон боло
Доверенность алайын десем.оозу мурду кыйшайбай
Туруп 45 доллар дейтко тооба кылдым.ал жерде иштеген бир байке айтты бар орустарга эле бар.
Аларда арзан деп.кайака келип алгам деп чыгып кеттим.ошол дагы пасольбу.булар таластагы фасоль экенда көрсө.
Каза болуп олгон сон да кор болгон мекендештенибиз жыргагагынан барган эмес Россияга!