super.kg logo
  Саясат  

Президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталды

 

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап чыкты.

"Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, бир топ сунуштар түшкөн. Талкуу жараткан сунуштар киргизилген. Ал жерде президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу дагы каралган. Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 19-ноябрда өтүшү керек. Бирок эгерде эки тур боло турган болсо, шайлоонун экинчи туру Жаңы жыл майрамына туш келип калат экен. Ошондуктан Иса Өмүркулов 15-октябрга жылдырууну сунуштаган. Бул боюнча бүгүнкү парламенттик угууда талкууланат", - деди Бекешев.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев ("Республика - Ата Журт"), Үмбөталы Кыдыралиев ("Республика - Ата Журт"), Дастан Жумабеков ("Кыргызстан"), Таалайгүл Исакунова ("Өнүгүү-Прогресс"), Мирлан Бакиров ("Өнүгүү-Прогресс"), Алтынбек Жунус уулу ("Өнүгүү-Прогресс"), Алмасбек Акматов ("Бир бол") жана Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен").






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: