super.kg logo

Бишкектин Жамгырчинов көчөсүндөгү жол курууга тоскоолдук жараткан 57 объект алынды

 

Бишкектин Жамгырчинов көчөсүндө курулуш иштери жүрүүдө. Учурда жол курууга тоскоолдук жараткан 57 объект алынды. Мындай маалыматты бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу билдирди.

"Бул көчөнүн курулушу башталар алдында кызыл сызыктан чыгып кеткен 40 турак жайды бузуп алууга туура келди. Андан сырткары 17 жеңил типтеги курулуштарды жолдун четинен жылдырдык. Бүгүнкү күндө жол куруучуларга тоскоолдук жараткан курулуш жок. Эгерде алдыда дагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуш болсо алууга даярбыз", - деп билдирди Иманакун уулу.

Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов менен байланышканыбызда, ал Жамгырчинов көчөсүнүн курулушу 2 чакырым 890 метрди түзөрүн, жолдун кеңдиги 9 метр болорун айтты.

"1-апрелде башталган унаа жолунун курулушу 30-октябрда жыйынтыкталат. Акыркы 2 жылдын ичинде кытай грантынын эсебинен Бишкек шаары боюнча 49 көчөгө асфальт төшөлүп, курулуп бүтөт. Бул долбоор жаз алды менен башталган. Садыгалиев көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейин эки тарабында жөө адамдар жүрүүчү жол менен кошо курулат Ал эми калган бөлүгүндө бир тараптуу жөө адам жүрүүчү жол курулат. Анткени түштүк тарабында заводдун имараты жайгашкан", - деп билдирди Жанболотов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
02.05.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жакшы азаматсынар!
02.05.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муромская кочосуно да бир жак четине эле жоо журуучулорго тротуар салышса болмок. Колчукторго комуло берип тажадык. Ылай кечкен окуучуларга боорум ооруйт.((
abusait түзөттү 2017-05-02 16:35:01
02.05.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкекте Калык Акиев кочосуно да коз салып койгулачы жоо журууго мумкун болбой калды. Чай саткан тамак саткандар бир уйбу нерсе салып жатышат чыгып кетти чегинен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: