super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: СССРдин спорт чебери, актёр, каскадёр Эдил Молдалиев 55 жашка толду

 

СССРдин спорт чебери, актёр, каскадёр, Кыргыз Республикасынын Панкратион федерациясынын негиздөөчүсү Эдил Молдалиев 55 жашка чыкты. Ал 1962-жылы 2-майда Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн. 14 жашында Бишкекке келип, Дене тарбия институтундагы бокстун секциясына кирген. Эки жылдан кийин бокс боюнча Советтер Союзунун жаштар арасындагы мелдешинде 2-орунга татыган. 17 жашында бокс боюнча Кыргыз мамлекетинин чемпиону болуп, өлкө­нүн курама командасына кирип, СССРдин спорт чеберине талапкер аталган. Аскерде кызмат өтөп жүргөн кезинде бокс боюнча СССРдин спорт чебери болууга жетишкен.

Ал бокс боюнча Кыргыздын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү болгон.

Эдил Молдалиев режиссёр Сергей Бодровдун "Монгол" фильминде, "Чыӊгызхан", "Ээ-жаа бербегендер" ("Неудержимые-2"), казактардын "Көчмөн" ("Кочевник"), "Күндүзгү кароол" ("Дневной дозор"), "Маӊкурттун апасынын көз жашы" (“Плач матери о манкурте”), "300 жылдан кийин" (“300 лет спустя”), "Кара ханзаада Аджуба" (“Черный принц Аджуба”), "Марко Поло", "Курманжан датка" жана башка бир нече тасмаларда роль жараткан.

2-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: