Якутиялык 8 жаштагы альбинос кыз моделдик агенттиктердин көӊүлүн бурууда






Якутиялык 8 жаштагы альбинос кыз Нариана өзүнүн өзгөчө келбети менен дүйнөлүк моделдик агенттиктердин көӊүлүн бурууда. Интернетке анын сүрөттөрү тараган соң аны "Сибирдин апакайы" деп атай башташканын чет элдик басылмалар бүгүн, 2-майда жазып чыга башташты.
Нариана Якутиядан болот. Анын ата-энеси жана бир туугандарынын чачтары, көздөрү кара. Апасы Елена кызынын сүрөттөрү саркеч журналдарга жарыяланышын каалабайт.
"Кызымдын модель болушуна көптөгөн сунуштар түштү. Бирок анын өзүнүн бала чагы болушу керек", - дейт Елена. Учурда "апакай кызга" белгилүү дүйнөлүк моделдик агенттиктердин өкүлдөрү көз салып жаткандыгына байланыштуу ата-энеси кызына жеке агент алууну чечишти.
Белгилей кетсек, альбиностор – табышмактуу, сырдуу, сулуу жана планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, алар – териси, чачы, каш-кирпиктеринен бери аппак болуп төрөлгөндөр. Медициналык статистикага таянсак, дүйнөдөгү ар бир 20 миң адамдын бири альбинос болуп төрөлөт. Оору тукум кууган оорулардын түрүнө кирет.

Демек, биздин өлкөдө альбинос адамдар боло турган болсо 300 киши болот. Бирок алардын бизде болуу ыктымалдуулугун да эсептөө керек. Ал башка суроо.