super.kg logo
  Саясат  

Саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу сунушталды

 

Саясий партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда парламентте "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, бул сунуш партиялардын биригишине түрткү болот. Ал билдиргендей, өлкөдө 200дөй саясий партия бар. Мындай кадам саясий элита шайлоо процессинин активдүү катышуучулары өлкө үчүн, жалпы кызыкчылык үчүн биригишине мүмкүнчүлүк бере турганын айтты.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова шайлоо босогосун көтөрүүгө эрте экенин билдирди. Ошондой эле жаңы түптөлүп келе жаткан партияларга тоскоолдук жаратарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: