Өзгөндө көчкүдө калгандарга шашылыш окулган жаназа боюнча дин ишмери өз оюн айтты



Өзгөн районунун Аюу айылында көчкүдө калгандарга шашылыш окулган жаназа боюнча Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев жооп берди.
“Мусулман адамы болгондон кийин маркумду жаназа окуп аркы дүйнөгө узатышыбыз керек. Эми түрлүү кырсыктар болуп калганда сөөктү жууп, кепиндөөгө мүмкүнчүлүк болбосо да, сөзсүз аларга арнап жаназа түшүрүш керек. Адам жаны чыккандан кийин 2-3 күндүн ичинде денеси шишип баштайт, жаназаны болсо ага чейин окуп калбаса кийин түшпөйт. Биз ошол мусулманчылык милдетибизди аткардык бүгүн”, - деди Ибраев.
“Эгерде изделип жаткан жансыз денелер жаназадан кийин чыгып калса, туугандары аны каалаган жайына алып барып жаназа окубай эле көмүп койсо боло берет. Жаназа окулуп калса эле сөөктөрдү издөө иштери токтоп калат деп ойлобош керек. Мүмкүн дале болсо топурак астында тирүүлөрү бардыр”, - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган. Бүгүн, 2-майда саат 15:00дө Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында жер көчкүдөн набыт болгондорго жаназа окулган.







1 |