super.kg logo

Москвада таштандыдан Кыргыз жарандарына таандык дене бөлүктөрүнүн табылганын элчилик иликтөөдө

 

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги Москвада таштандыдан Кыргыз жарандарына таандык дене бөлүктөрүнүн табылганын иликтөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда аталган дипломатиялык мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, элчилик Москва шаары боюнча ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына, Орусиянын Тергөө комитетине жана прокуратура органдарына бул фактты текшерүү боюнча тиешелүү каттарды жөнөттү. "Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 21-апрелде Москвадагы өлүккананын жанындагы таштанды челектердин биринен адамдын сөөктөрү, чачтары табылган. Бүгүн бул дене бөлүктөрү Кыргыз жарандарына таандык экени аныкталган деп орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: